
Кыргызстандык кинорежиссёрлор Казакстанда өтө турган эл аралык фестивалга катышат
2 Нояб 2018 , 4:01
1333
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Кыргызстандык жаш кинорежиссёрлор Казакстанда өтө турган студенттик тасмалардын VII эл аралык фестивалына катышат. Маалым болгондой, иш-чара 5-8-ноябрь күндөрү Алматы шаарында өтөт.
Анда Кыргызстан, Россия, Казакстан, Израил, Түркия, Германия, Испания, Швейцария, Корея, Өзбекстан жана башка бир катар мамлекеттердин жаш киночулары өз тасмаларын көрсөтөт. Ал эми Кыргызстандын атынан Мээрим Догдурбекова, Евгений Чистяков, Сүйүнбек Гүлжигит уулунун кинофильмдери сынакка коюлат.