http://ktrk.kg/Айгүл гүлү Ысык-Көлдө гүлүн ачты

Айгүл гүлү Ысык-Көлдө гүлүн ачты

8 Апр 2016 , 7:28 1856

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл облусунун тургунунун үйүндө Айгүл гүлү гүл ачты. Маалым болгондой, Ысык-Көл районунун жашоочусу Лира Батырбекова эки жыл мурун короосуна айгүл гулүн отургузган. 

Баткен эли сыймыктанган бул гүл эми Ысык-Көл облусунун жашоочусунун короосунун көркүн ачып отурат. Кожойкенин айтымында, гүл эки жыл мурун алынып келинип, короого тигилген, азыр ал 11 гүлүн ачты.

Белгилей кетсек, Баткен облусунда жыл сайын айгүл гүлү гүл ачкан мезгил болот. Айгүл гүлү ушул гана аймакта өсөт жана 15-20 күн гүлдөйт деп айтылат. Айгүл гүлү Айгүлтоо тоосунда өсөт.




Новости по дате