http://ktrk.kg/Каражаттын жоктугунан  Балыкчы-Корумду жолун оңдоо токтоп турат

Каражаттын жоктугунан Балыкчы-Корумду жолун оңдоо токтоп турат

12 Апр 2016 , 11:18 1016

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Каражат жоктугунан улам азыр Балыкчы-Корумду жолун оңдоо иши токтоп турат. Мындай маалыматты Унаа жана байланыш министрлигиндеги адистер басма сөз жыйында билдирди. Алардын айтымында, эгер каржы булагы табылса, каттамды оңдоо иши жанданат. Былтыр жолду реконструкциялоо үчүн өкмөттөн 180 миллион сом бөлүнгөн. Быйыл болсо бир да тыйын бериле элек, -дейт министрликтин адистери. 

Алардын айтымында, жолду кура турган компанияны тандай турган тендер шашылыш өткөрүлгөн. Балыкчы-Корумду каттамын реконструкциялоо боюнча жазылган токтомдун долбооруна Унаа жана байланыш министринин орун басары Улан Уезбаев кол койгон. Негизи документке министр кол коюшу керек болчу, -дешет. 

Бирок токтомдун долбооруна Уезбаев өз алдынча кол койгону былтыр октябрда эле маалым болгон. Аны унаа жана байланыш министри Аргынбек Малабаев жакында эле ачыкка чыгарган.






Новости по дате