http://ktrk.kg/Премьер-министр «Алтын» зергердик заводунда көчмө жыйынын өткөрдү

Премьер-министр «Алтын» зергердик заводунда көчмө жыйынын өткөрдү

29 Июль 2019 , 14:41 1571

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Алтын» зергердик заводунун аймагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Бизнести жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Кеңештин зергердик тармакты өнүктүрүү маселеси боюнча көчмө жыйынын өткөрдү.  

Көчмө жыйында атамекендик зергердик продукциялардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу маселелери талкууланды.  Мухаммедкалый Абылгазиев, 2019-2022-жылдарга карата  зергер  тармагын өнүктүрүүнүн Концепциясы бекитилип,  бул чөйрөнү колдоо жана өнүктүрүү боюнча конкреттүү чаралар каралганыгын  белгиледи.  

Өз кезегинде бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрү баалуу металлдардан жасалган зер жана башка буюмдарды сыноодон, анализден жана мамлекеттик асыл металлдын пробаларын ажыратуучу белги менен тамга салуудан бошотуу маселесин көтөрүштү.


Новости по дате