http://ktrk.kg/Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына карата илимий конференция өттү

Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына карата илимий конференция өттү

11 Окт 2019 , 10:37 748

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Улуу манасчы Саякбай Каралаевдин 125 жылдыгына карата илимий конференция уюштурулуду. Иш-чарага манасчылар, адабиятчылар жана улуу манасчынын чыгармачылыгына кызыккандар катышты.

Миң жылдык тарыхы бар "Манас" эпосунун ааламга аты кеткен. Эпостун күйөрманы жана жаш манасчылардын бири Асема бешинчи класста окуйт. Иш-чаранын жүрүшүндө Каралаевдин айтуусундагы “Чоң казат” эпизодунан окуяларды манасчылар өз вариантында баяндап берүү тапшырмасы берилди.
Мындай иш-чаралардын жардамы менен балдар эпостон үзүндү жаттап, анын ыкмасын окуп үйрөнөт. Бул аны андан ары иликтөөгө жана пропагандалоого оң таасир берет. Кыргыз элине көөнөрбөс мурас катары калтырылган “Манас” эпосун кеңири жайылтууга жаш манасчылар өз салымын кошуп келишет. 


Новости по дате