
22-ноябрда өлкөдөгү беш айыл өкмөттүн башчыларын шайлоо өтөт
5 Нояб 2019 , 11:44
456
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Чүй облусунун Москва районунун Ак-Суу, Сокулук районунун Фрунзе, Талас облусунун Кара-Буура районунун Бакайыр, Ош облусунун Кара-Суу районунун Төлөйкөн жана Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Көк-Таш айыл өкмөттөрүнүн башчылары шайланат. Буга чейин аталган айыл өкмөттөрдүн башчылары берген арыздарынын негизинде ээлеген кызматтарынан бошотулган. Шайлоо 22-ноябрда саат 09:00дөн баштап 12:00гө чейин өткөрүлөт.