http://ktrk.kg/Иран Фордо заводунда уран байытуу иштерин баштады

Иран Фордо заводунда уран байытуу иштерин баштады

12 Нояб 2019 , 14:35 374

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ирандын жер астындагы Фордо заводунда уран байытуу иштеринин башталышы Тегеран менен алдыңкы дүйнөлүк мамлекеттер ортосунда кол коюлган макулдашууну бузат. Бул тууралуу Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттик МАГАТЭ билдирди.

Уюмдун Венада жайгашкан башкы кеңсеси Иран уранды байытуу запастарын көбөйтүүнү улантып жатканын белгиледи.

Reuters агенттиги Тегерандын бул позициясы 2015-жылы эл аралык макулдашуу менен бекитилген чектөөлөргө каршы келе турганын жазды.

Иран бийлиги «өзөктүк келишим» деген аталыш менен белгилүү макулдашуудан АКШ чыгып кеткенине жооп катары уранды байытуу иштерин калыбына келтирген. Келишимге АКШ, Орусия, Кытай, Улуу Британия, Франция, Германия жана Иран кол коюшкан. Тегеран АКШ келишимден чыккандан кийин киргизген санкцияларды жокко чыгарса, макулдашуу шарттарын аткарууга даяр экенин билдирүүдө.

Новости по дате