http://ktrk.kg/Өндүрүш колдоого муктаж

Өндүрүш колдоого муктаж

13 Май 2016 , 16:08 1880

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чүй облусундагы “Кайыңды кабель” заводу  мамлекеттик буйрутманын  жоктугунан туруктуу иштей албай калды. Анын айынан жумушчулардын саны да кескин кыскарган.

Анысы аз келгенсип ишкананын мамлекеттик мекемелерге карызы көбөйүүдө. Заводдун абалы менен    Жогорку Кеңештин “Кыргызстан”  фракциясынын депутаттары барып таанышып, өкмөттү шашылыш чара көрүүгө чакырды.  

Убагында күркүрөп эки миң киши  иштеп турган заводдо азыр саналуу гана  жумушчу калды. Тогуз жылдан бери завод илең-салаң иштеп келет. Расмий каттоодо алтымыш беш жумушчу болгону менен анын он беши гана туруктуу иш менен камсыз болгон. Ошондо да буйрутма түшкөндө гана  иштебесе, жумуш жок. Заводдун көп бөлүгү аңгырап бош эле турат.


Новости по дате