http://ktrk.kg/Көчмөндөр оюндарына чейинки убакытты эсептөө үчүн орнотулган саат

Көчмөндөр оюндарына чейинки убакытты эсептөө үчүн орнотулган саат

16 Май 2016 , 11:31 1992

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кечээ “Ала-Тоо” аянтында Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна чейинки убакытты эсептөө үчүн орнотулган саат расмий ачылды. Бул конструкциянын бийиктиги - 3,5 метр, туурасы - 1,2 метр. Темирден жасалып, улуттук стилде кооздолгон саат түнкүсүн күйүп турат. Санактын белгиси катары сааттын жебеси оюнга 111 күн калганда ишке кирди.

Саамалыкка карата аянтта кол өнөрчүлөрдүн жармаңкеси болуп, 120 ооз комузчу өнөрүн тартуулады. Бир караганда кушка окшоп, бир караганда жааны элестеткен сааттын дизайнын сүрөтчү жана айкелчи Алимжан Амантаев иштеп чыккан. 

Мындай конструкция Кыргызстанда алгач ирет орнотулду. Дүйнөлүк көчмөндөр оюну Чолпон-Ата шаарында 3-снтябрьдан 8-сентябрьга чейин өтөт. Оюнга улуттук оюндардын 26 түрү киргизилген, ошондой эле коноктор 40 өлкөдөн келери күтүлүүдө.


Новости по дате