http://ktrk.kg/Кыргызстан менен Россия 2020-жылды бири-бирине арнайт

Кыргызстан менен Россия 2020-жылды бири-бирине арнайт

6 Дек 2019 , 15:41 1078

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кайчылаш жылдын алкагында иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жыйын болуп өттү. Ага эки өлкөнүн саясат таануучулары, экономикалык маселелер боюнча эксперттер, Жогорку окуу жайлардын окутуучулары катышты. 

Тараптар маданий-гуманитардык багыттагы иш-чаралар менен катар, Улуу Жеңиштин 75 жылдыгынын мааракелик иш-чаралары да өтөөрүн маалымдашты. Ошондой эле, өлкөлөр ортосундагы достукту андан ары өнүктүрүү жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.


Новости по дате