http://ktrk.kg/Зомбулукка каршы эл аралык акциясы өттү

Зомбулукка каршы эл аралык акциясы өттү

9 Дек 2019 , 10:20 1751

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Зордук-зомбулукка кабылган аялдардын, өспүрүм кыздардын укугун коргоого багытталган “Зомбулукка каршы 16 күн” эл аралык акциясы өттү. Аны бей өкмөт уюмдар уюштуруп, ага Бишкек шаарынын тургундары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө уюштуруучулар зомбулукка кабылган аялдарга өз укугу тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. 

Буга чейин өкмөттүк мекемелер, жамааттар, зомбулукка кабылгандарды, активисттерди бир тилектештиктин алкагында бириктирип, түрдүү иш-чаралар уюштурулган. Кошумчалай кетсек, Жыл сайын 16 күндүк акция өткөрүү чечимин 1999-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясы кабыл алган. Ал 25-ноябрь - Аялдарга каршы зомбулукту жоюунун эл аралык күнүндө башталып, 10-декабрь - Адам укуктарынын эл аралык күнүндө жыйынтыкталат.

"Бул акциянын атайын уюштуруп жатабыз. Дүйнөдө аялдардын зордук-зомбулукка кабылгандыгына байланышты коргоо багыталган иш-чара өтөт. Максатыбыз аялдардын укугун коргоо",- деди "Балдардын укугун коргоо лигасы" фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекова. 

Новости по дате