http://ktrk.kg/Соттолгондордон каражат өндүрүлөт

Соттолгондордон каражат өндүрүлөт

9 Дек 2019 , 22:35 431

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жылуулук электр борборун модернизациялоого байланыштуу соттолгондордон каражат өндүрүлөт. Өткөн аптада чыккан өкүмдө алардын үй-мүлктөрүн конфискациялоо да каралган. Бирок мамлекетке келтирилген чыгым өтө көп деп саналгандыктан, анын ордун толтуруу маселеси түрдүү пикир жаратууда.

Өткөн аптада сот Сапар Исаков менен Айбек Калиевди 15 жылга, Жантөрө Сатыбалдиевди 7 жарым жылга, ал эми Салайдин Авазовду 11 жыл 3 айга эркинен ажыраткан чечим чыгарган. Калган төрт айыпталуучу да күнөөлү деп табылып, бирок ар кандай себептер менен бошотулду. Коомчулукта соттолгондорго кандай жаза чегерилгени менен бирге мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу маселеси да кызуу талкууга алынууда. ЖЭБди жаңылоодогу коррупцияга тиешеси бар деп табылгандардын үй-мүлкүн конфискациялоо каралган. Анткен менен зыяндын көлөмү өтө көп деген корутундуга таянып, мамлекет каражатты жетиштүү кайтарып ала алабы деген маселе жаралууда. 

Сот өкүмүнө ылайык Осмонбек Артыкбаев 5 миллион, Ольга Лаврова 3 миллион сом айып пул төлөйт. Алар абакка кесилген жок. Артыкбаевдин туугандары келтирилген зыянды жоюу үчүн сот чечими чыкканга чейин эле мамлекетке 100 миллион сом төккөнү кабарланган. Ал эми келтирилген зыян 111 миллион доллар же ошол учурдагы курс менен дээрлик беш жарым миллиард сом деп эсептелген. 




Новости по дате