http://ktrk.kg/Өмүргө арачы - “Тез жардам”

Өмүргө арачы - “Тез жардам”

9 Дек 2019 , 22:49 454

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектин четиндеги Ак-Өргө конушуна жана Орозбеков көчөсүнө жаңы тез жардам станциясын куруу иштери башталды. Аны келерки жылы ишке берүү пландалууда. Учурда борбордо мындай станциялардан бешөө гана болгондуктан, алар шаар тургундарын толук кандуу тейлөөгө жетишпейт. Кызматка бир суткада кеминде эки миңге жакын чакыруу түшсө, кайрылгандардын ичинен сегиз жүздөн ашуун бейтапка гана жардам берүүгө чама-чаркы жетет.

Бишкек шаардык “Тез жардам” бекетинин кызматкерлери жумушка эртең мененки саат жети жарымда келип, мурдагы мөөнөттөгү кызматкерлерден кезекти өткөрүп алышат. Андан соң, адам өмүрү үчүн 24 саат бою алпурушуп, алгачкы жардам көрсөтүү аракетинде. 

Бейтаптан келген телефон чалууларды сегиз кызматкер кабыл алат. Алар кимге кандай жардам керек экенин тактап, диспетчердик бөлүмгө билдирет. Андан соң, тиешелүү бригада бейтапка жөнөп кетет. Азыр алгачкы жардам көрсөтүү үчүн бара жаткан бешинчи бригада менен биздин чыгармачыл топ дагы жөнөдүк.


Новости по дате