http://ktrk.kg/Аймактарды өнүктүрүүдө жамааттык уюмдардын орду чоң

Аймактарды өнүктүрүүдө жамааттык уюмдардын орду чоң

19 Дек 2019 , 11:12 356

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Алыскы айылдарда жашоого ыңгайлуу шарт түзүү, инфраструктураны биргелешип жакшыртуу маселесин жеңилдетсе болот. Бул үчүн ар бир айыл тургуну донор уюмдардан же мамлекеттен жардам күтө бербей өз алдынча аракет кылса, кадимкидей жылыш болот. Тоң районунун алыскы айыл тургундары дал ушундай аракет үстүндө. Алар быйыл айыл ичин жарыктандырып, кичи футбол аянтын салганга жетишти. Мындай аракеттерге айрым эл аралык донор уюмдар да колдоо көрсөтүп, керек болсо тажрыйба алмашуу иштерин жүргүзүшүүдө.

Тоң районунун Коңур-Өлөң айылы райондун үстүңкү бөлүгүндө жайгашкан. Айыл тургундары быйыл кеңешип, бир катар маселени өз алдынча чечүүнү максат кылышкан. Анда негизинен айыл ичиндеги арыктарды тазалоо, жарыктандыруу, жаштар үчүн спорт аянттарын куруу каралган. Жыл ичинде бул маселелердин баарын чечүүгө мүмкүн болду. Кичи футбол аянтынын курулушуна айыл эли бир миллион сом чогултуп, жарыктандырууга да каражат чыгарып, азыр орнотуп аяктап калышты. Буга жергиликтүү бюджеттен, демөөрчүлөрдөн да бир аз салым болду.

Мындай демилгелерди колдогон, айыл элинин биргелешкен долбоорлорун ишке ашырууга көмөктөшкөн уюмдар да бар. Алардын бири айыл лидерлерин, активисттерди, жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдарынын өкүлдөрүн чогултуп атайын окууларды өткөрүшүүдө. Кореялык “Семаылды” глобалдаштыруу фондунун өкүлдөрү көл жээгинде Нарын, Талас, Чүй жана Ысык-Көл облустарынан келген өкүлдөр менен айыл жергелериндеги ар кандай социалдык долбоорлор тууралуу пикир алмашып, чечүү жолдорун талкуулашты.

Новости по дате