http://ktrk.kg/Өлкө боюнча жааган кар бир топ түйшүк жаратты

Өлкө боюнча жааган кар бир топ түйшүк жаратты

23 Дек 2019 , 17:45 357

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

21-декабрдын түнүндө өлкө боюнча жааган кар бир топ түйшүк жаратты. Стратегиялык унаа жолдордо жол тыгындарын жоюу боюнча тиешелүү мекеменин кызматкерлери иш алып барса, шаарлардагы муниципалдык ишканалар көчөлөрдү кар менен муздан тазалоодо. Кыш ызгаары алдыдагы эки күндө да өз күчүндө болоорун аба ырайын маалымдоочу борбор кабарлап, шашылыш билдирүү таратты.

Эки күндүн ичинде жолдордогу кар менен музду ээритүү үчүн 215 тонна техникалык туз себилди. Кыламык жааган карды 700дөн ашуун муниципалдык кызматкер тазалап жатышат. Эсептөөлөр боюнча кышкысын Бишкектеги борбордук унаа жолдоруна себилчү инерттик материалдардын көлөмү 7 миң тоннаны түзөт. Азыркы тапта 4 миң тоннасы даяр. Негизги унаа жолдорундагы ашууларда, Сосновка, Арал өтмөктөрдө узаак мөөнөткө созулган тыгындарга байланыштуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жылынуучу жана ысык тамак берүүчү жайлар ачылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жолдор тайгак болгондуктан унаа кырсыктарын алдын алуу максатында, айдоочуларга ашуулардан дөңгөлөк чынжырларын тагуу жана аба ырайын эске алууну сунуштайт.


Новости по дате