http://ktrk.kg/Кыргызстанга 2019-жылы чет жактан 319 кыргыз жаранынын сөөгү келди

Кыргызстанга 2019-жылы чет жактан 319 кыргыз жаранынын сөөгү келди

6 Янв , 16:05 763

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

  Москвада киши колдуу болгон кыргызстандык жигиттин сөөгү жакынкы күндөрү үйүнө жөнөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, иш тергеле баштады, азырынча моргдогу документтер бүтпөй жатат.

25 жаштагы Адилет Байсабаев 31-декабрда бычак жеп каза болгон. Маркумдун артында эки кичинекей кызы калды. Алар Кыргызстанда чоң апасынын колунда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, 2019-жылы чет жактан 319 кыргыз жаранынын сөөгү келген.

Орусиядан 231, Казакстандан 22, Өзбекстандан 15, Түркиядан 18, Индиядан тогуз «Жүк-200» келген.

Новости по дате