http://ktrk.kg/Кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги маселени чечүү тапшырмасы берилди

Кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги маселени чечүү тапшырмасы берилди

10 Янв , 14:27 647

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги маселени чечүү үчүн бардык зарыл чараларды кабыл алууну тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн тараткан билдирүүсүндө айтылат. Анда казак тараптын мамлекеттик чек ара аркылуу товарларды жана жүктөрдү алып өтүүдөгү кошумча текшерүүлөрдү киргизүүсү Евразиялык экономикалык бирликтин нормаларына каршы келе турганы жазылган. 

Маалыматка ылайык, казак тараптын бир тараптуу кабыл алган чечиминен улам «Ак-Тилек» өткөрүү пунктунун жанында оор жүк ташуучу унаалар топтолуп калууда. Бул жагдайга байланыштуу өкмөт тынчсыздануусун билдирип, Казакстанды интеграциялык бирликтин алкагында товарларды эркин өткөрүү боюнча кабыл алынган милдеттемелерди аткарууга чакырат. 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев түзүлгөн жагдайга байланыштуу мамлекеттик органдарга кыргыз-казак чек ара тилкесиндеги кырдаалды чечүү үчүн Казакстандын тиешелүү органдары менен сүйлөшүүлөрдү активдештирүүнү тапшырды. Өкмөт башчы Мамлекеттик чек ара кызматына кыргыз-казак чек арасынан өтүүдө келип чыккан кесепеттерди азайтуу үчүн бардык зарыл чараларды көрүү тапшырмасын берди.


Новости по дате