http://ktrk.kg/Бишкек - Ош жолунун бир бөлүгүндө жеке менчик ишкана иш алып барууда

Бишкек - Ош жолунун бир бөлүгүндө жеке менчик ишкана иш алып барууда

15 Янв , 18:04 734

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөнүн башкы магистралы болгон Бишкек - Ош жолун тейлөөгө жаңыча мамиле өз жыйынтыгын берүүдө. Жолдун сапаты бир топ жакшырган. Жолчулар тарабынан көрүлгөн ыкчам чаралар тыгындардын азаюсуна шарт түзүүдө. Стратегиялык жолдун бир бөлүгүндө азырынча сыноо иретинде жеке менчик ишкана иш алып барууда.

Жүк ташуучу унаанын айдоочусу Гапуржан Болотов Бишкектен Ошко жума сайын каттайт. “Сосновка” постунан айдоочуга дөңгөлөгүнө чынжыр байлап алууну эскертишти. Жол инпекторлорунун эскертүүсүнө карбастан чынжыр такпай, жолдо калган унаалар күн сайын 2-3 жолу катталат.

Ашууга көтөрүлгөн сайын аба ырайы тез өзгөрөт. Катуу шамалдан кар жааганы да бат эле. Айрым жерлерин кышы бою тоңгон муз каптап турат. Бишкек - Ош жолунун 112 чакырымынан тарта жол кыймылы кыйындайт. Мында жүк ташуучу унаалар дөңгөлөктөргө чынжыр байламайынча көтөрүлүшү оор. Так ушул эрежени бузгандар Төө-Ашууда тыгынды пайда кылат. 



Ашууга чейинки бөлүктө кар түшкөнү ири тыгын бир гана жолу катталды. Ал өткөн жылдын ноябрь айында болгон. Мындай учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан уюштурулган "жылынуу пункттары" иштейт. Төө-Ашууда мындай үч пункт бар.

Айдоочулардын айтымында быйыл ашууда тыгындар азайды. Муну транспорт министрлиги жолду тейлөөдөгү жаңы долбоор менен түшүндүрөт. Эки жыл мурда донорлордун жардамы менен менчик компания жолду тейлөө ишин баштаган.
Долбоор 3 жылга каралган, жалпы бюджети 296 млн сомду түзөт. Анын 59 пайызын мамлекет каржыласа, 41 пайызы Азия өнүктүрүү банкынан грант катары берилген. Негизги максат -республикалык жолдорду тейлөөдө жеке ишканалар аркылуу тейлөө сапатын жакшыртуу болуп саналат. 
Азыркы тапта Төө-Ашууга барган жол тилкесинде 24 адамдан турган үч бригада иштеп, 17 техника ишке тартылган.

Новости по дате