http://ktrk.kg/Оштун Кызыл-Суу айылында "Кызыл-Суу FM элдик радиосу" иштеп баштады

Оштун Кызыл-Суу айылында "Кызыл-Суу FM элдик радиосу" иштеп баштады

20 Янв , 14:39 986

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Кызыл-Суу айылында "Кызыл-Суу FM элдик радиосу" иштеп баштады. Радио аталган айылга гана жеткиликтүү. Аны айылдан чыккан ишкер өз каражатына ачып берди. Сайитбек Нишанбаев атындагы орто мектептин имаратында жайгашкан радио түйүнүн жергиликтүү ишкер Ильгиз Айдарбеков түздү. Радиону иштетүү мектеп жетекчилигине милдеттендирилди. Жоопкерчиликти алган тарап, буга чейин атайын программаларды иштеп чыккан. Мектеп окуучуларын шыктандырган, маданият, тарыхка багытталган уктуруулар бар.

Мүмкүнчүлүктөн айылдагы эки орто мектептин окуучулары гана эмес, жаңылыгы менен бөлүшкүсү келген жарандар да пайдаланат. Уламыш, эпос, дастан, жомок айтып берчү карылар уктуруунун мейманы катары атайын чакыртылып турат. Радио толкундары Кызыл-Суу айыл аймагына гана жеткиликтүү. Аны элеттиктер 24 саат бою 104.6 MГц жыштыгы аркылуу уга алышат.

Биринчи жолу элеттик радио ишке кирген өнүгүүлөрдөн да четте эмес. Калк муктаждыгына багытталган бир катар социалдык объектилердин курулушу жүрүүдө. Кызыл-Суу айыл аймагы облус борборунан 80 чакырым алыста жайгашкан. Климаттык шарты катаал, тоолуу аймактан. Анда 1 миң 300 үй-бүлө жашайт. 



Новости по дате