http://ktrk.kg/ Ала-Бука районундагы бүтпөгөн курулуштарга элеттиктер нааразы

Ала-Бука районундагы бүтпөгөн курулуштарга элеттиктер нааразы

22 Янв , 22:24 116

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ала-Бука районунда эки жылдан бери салынып бүтпөй жаткан социалдык объектилердин милдетин алган курулуш компаниянын ишине нааразы болгон элеттиктер, өкмөттүн облустагы өкүлүнө маселени чечип берүүнү өтүнүштү. Тендерден уткан курулуш компаниясы эмне себептен ишти кечеңдетүүдө? Жалал-Абаддагы кабарчыбыз Осмон Уламсадыр уулу меселенин чоо-жайын билүүгө аракет кылган.

Көк-Таш айыл аймагы район борборунан 120 чакырым алыс жайгашкан. Аймактык оорукананын имараты эски, болгону 8 орунга ылайыкташкан, терапия, төрөт жана балдар бөлүмдөрү гана иштейт. Бейтаптар район борборуна барууга аргасыз. Аймакта эки кабаттуу оорукананын имараты 2017-жылы курулуп баштаганы менен ушул күнгө чейин бүтпөй турат.

Жогорудагы оорукананын имараты менен дагы 4 объектинин курулушу үчүн тендерден “Некст-Строй” компаниясы утуп чыккан. Алар Көк-Таш айылындагы 90 орундуу бала бакча, Чоң-Сай айылынын Беш-Таш тилкесине электр чубалгыларын тартуу иши, Кулпек-Сай жана Булак-Башы айылдары үчүн кичи футбол аянтчалары. Бүгүнкү күндө булардын баары аягына чыккан эмес. Жалпы 5 объекти үчүн каралган 46 миллион сомдун 30 миллион сомго жакынын айыл өкмөтү которуп берген. Тендерге берилген курулуштар мурдагы жетекчинин учурунда болгонун жаңы шайланган айыл өкмөт башчысы билдирди. Ал эми жергиликтүү элдин айтуусунда, аткаруу бийлиги менен депутаттар учурунда жакшы иш алып барышкан эмес. Көйгөйдү көзөмөлгө алуу талабын көкташтыктар өкмөттүн облустагы өкүлүнө жолугушкан учурда коюшту. “Некст-Строй” компаниясы 2018-жылы Көк-Таш айыл аймагынан сырткары, Ала-Бука айыл өкмөтүнүн “Жеңиш” эс алуу багын реконструкциялоо боюнча 26 миллион сомдук долбоорду тендерден утуп алган. Ал дагы токтоп турат.

Курулуштардын токтоп турган себебин билүү үчүн “Некст-Строй” компаниясынын өкүлдөрүнүн бири менен байланышып, эки күн бою жооп ала албадык. Ал эми айылдык кеңештин депутаттары менен район акими бул иш боюнча Жалал-Абад облустук прокуратурасына кайрылуу жолдой турган болушту. 

Новости по дате