http://ktrk.kg/Бакай-Ата: тургундар тротуардын кейиштүү абалына нааразы

Бакай-Ата: тургундар тротуардын кейиштүү абалына нааразы

23 Янв , 14:24 290

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Талас облусунун Бакай-Ата районунун Бакай-Ата айылынын борбордук көчөсүнүн жолдоруна шагыл төгүлүп, арыктар казылган, бирок тротуар каралбай калган. Тротуарда кумдар үйүлүп, оттундар, таштандылар жатат басканга жол жок. Айла жоктон унаа жолу менен басканга туура келет. Арыктар казылган бирок аягына да чыгарышкан эмес. Жолдун эки тарбындагы тең тротуар ушундай абалда. Ушул тротуарды түздөп, ирээтке келтирип койсо жакшы болот эле,- деп билдирүү жөнөткөн айыл тургуну. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате