http://ktrk.kg/Кара-Буура: каттоо кызматынан кезек күтүп тажадык

Кара-Буура: каттоо кызматынан кезек күтүп тажадык

24 Янв , 15:39 405

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кара-Буура районундагы Мамлекеттик каттоо кызматынан кезек күтүп тажаган тургундар "Элдик репортер" рубркасына видео тартып жөнөтүшкөн. Алардын айтымында, Эртең менен эле келгенбиз, азыр саат 16.00 болду дагы деле турабыз, артыбызда дагы 60 адам турат кезек күтүп. Баардыгы 90 адам турат. Арасында 70-80 жаштагы улгайган ата-апалар, кичине балдары менен турган келиндер бар. Алыстан айылдан бер келебиз жол тосуп, убара болуп жатабыз. Ушул жерди мурункудай кылып эле айыл өкмөткө чегерип же кызматкерлердин санын көбөйтүп беришсе жакшы болмок,- деген айыл тургундары. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате