http://ktrk.kg/Кадамжай районунун ЖААК бөлүмүндө кезек күттү маселеси чечилбей келет

Кадамжай районунун ЖААК бөлүмүндө кезек күттү маселеси чечилбей келет

24 Янв , 18:12 249

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бул көрүнүш Кадамжай районунун ЖААК бөлүмү. Качан келбе ушундай көрүнүшкө туш болосун,- деген автор "Элдик репортерго" видео тартып жөнөткөн. Кезекте 190-200 адам турабыз. Туулгандыгы тууралуу күбөлүктү алуу, оңдотуу, ЗАГС алуу маселелер менен келишкен. Жеке өзүмдү ойлоп айтканда жанымда келинчегим, колумда балам. Эрте менен саат 07:00 гө келип калганыма байланыштуу 20-кезеке жазылдым. 1-болуп жазылган адам саат 03:00 дө келиптир. Ушунча кезек күтүп киргенден кийин гана ишин бүтөт. Кирсен ичинде элди тейлеген 4 кызматчы бар. Бул жерге 4 эле штат бөлүнгөн, ал 4 кызматчы да суук жерде кызмат көрсөтүп келе жатат. Үстүлөрү чечпей отурушат. Бул маселени иретке келтирүү акимге да, губернаторго да оңой жумуш эмес. Бул мамлекеттик деңгээлде чечилүүчү иш. Мамлекеттик кызматчыларды сынга ала тургандай, мен деле мекеним үчүн жарытылуу эч нерсе кызмат кыла албадым. Ошентсе да эгер 2020-жылдын планы жабыла элек болсо. Баткен обласунун Кадамжай районунун ЖААК элди тейлөө борборун карап, чечип берсеңиздер. Элдин ызы-чуусунан кызматкерлер да кыйналып кетишти. Бул жерде эч кимди күнөөлөштүн кереги жок, болгону маселени чечиш керек, -деген айылдын тургуну Шермамат Мамаев.

Эгер сиз да ушул сыяктуу орчундуу көйгөйлөргө, чечилбеген маселерлерге, кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате