http://ktrk.kg/Коронавирустан сактануу боюнча кыргызстандыктарга бир нече сунуштар

Коронавирустан сактануу боюнча кыргызстандыктарга бир нече сунуштар

27 Янв , 12:11 1909

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Оюн-зоокторду кыскарталы! Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кытайда пайда болгон коронавирустан сактануу боюнча кыргызстандыктарга бир нече сунуштарды, эскертүүлөрдү берди. Чолпонбаев Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм "эл аралык деңгээлдеги маанилүү" деген тыянак бере электигин айтып, ар бир мамлекетке алдын алуу боюнча сунуштама берилгенин кабарлады. Ошол эле учурда кандайдыр бир чектөөлөрдү киргизүү боюнча мамлекет өзү чечим кабыл алат. 

"Кыргызстандын 22 чек ара өткөрмө бекетине тепловизор коюлуп, дарыгерлер нөөмөттө турушат. Бишкек жана Ош шаарына учак менен чет жактан келген жүргүнчүлөр текшерилүүдө. Бизде алгачкы жардамды көрсөтө турган дары-дармектер жетиштүү. 3,5 миллион беткап, 1468 халат, көз айнек, бут кийим менен камсыздалганбыз. Бул вирус боюнча 500 кызматкер окуудан өттү. Ошол эле учурда жарандарга мүмкүн болушунча эл көп чогула турган оюн-зоокторду кыскартууну сунуштайбыз. Мындай тажрыйбаны көп мамлекеттер колдонуп жатат. Анан эч уялбай эле көчөдө беткап кийип жүрүү жана тамак-аштын санитардык талаптарын сактоого чакырабыз", — деди министр.

Бүгүнкү күндө Кытай, АКШ жана Россиянын илимпоздору коронавирустан айыктыра турган дарыны ойлоп табуу боюнча иштеп жатканын билдирди. Ошондой эле ал бул илдеттен 50 адам айыкканын да кошумчалады. Ал эми Кыргызстанда мындай вирусту жуктурган жарандар жок экенин белгилеп, такталбаган маалыматты таратпоого чакырды.

Новости по дате