http://ktrk.kg/Ооруканада жаңы вирус жуктурган дарыгер көз жумду

Ооруканада жаңы вирус жуктурган дарыгер көз жумду

27 Янв , 13:09 624

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кытайдын Ухань шаарындагы ооруканада жаңы вирус жуктурган дарыгер көз жумду. Бул тууралуу «South China Morning Post» басылмасы жазды.Басылманын маалыматына караганда, 62 жаштагы дарыгердин өпкөсү сезгенип каза болгон. Дарыгерде оорунун белгилери 16-январда байкалып, 18-январда ооруканага жаткырылган.Кытай бийлигинин маалыматына караганда, жалпы 15 дарыгер коронавирус жуктурган. Аталган басылмага булактар билдиргендей, бул ооруну жуктурган дарыгерлердин саны расмий маалыматта айтылган сандан көп.Ал эми «thepaper.cn» басылмасы Пекинде жаңы вирусту жуктурган эки адам дарыланып, ооруканадан чыкканын жазды. Кытайда бул вирусту жалпы 1985 адам жуктуруп, 56 адам каза болду. Учурда коронавирус жугузуп алган 324 адамдын абалы оор экени маалымдалды. Дагы 2684 киши илдетке кабылган болушу мүмкүн деп текшерилип жатат. Ошондой эле 25-январда Кытай өлкөсү Жаңы жыл майрамын тосушмак. Бирок жугуштуу вирустун кесепетинен майрамга карата белгиленген иш-чаралар токтотулган.


Түркиянын чыгышындагы Элязыг провинциясындагы жер титирөөдөн каза болгондордун саны 31 кишиге жетти. Бул тууралуу түркиялык маалымат булактары өлкөнүн куткаруу кызматынын маалыматына шилтеме берип, кабарлоодо.Эске салсак, 24-январь күнү кечинде күчү 6,8 баллга жеткен жер титирөө катталган. Зилзалада имараттар кыйрап, байланыш үзгүлтүккө учураганы айтылган болчу.Буга чейин Түркиянын бийлиги Элязыг жана Малатья аймагында катталган жер титирөөдөн 29 адам каза болуп, 1466 киши жаракат алганын маалымдаган.
 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жакырчылыкты жоюуга 700 миллион доллар бөлүүнү убада кылды. Ал бул тууралуу 24-январда жаңы парламенттеги кайрылуусунда билдиргенин өзбекстандын жалпыга маалымдоо каражаттары жазып чыкты.Мирзиёевдин айтымында, Өзбекстандын 34 миллиондой калкынын 15% жетишпеген турмушта жашайт. Мирзиёев пенсия, айлык көтөрүлөрүн, ооруканаларга 2020-жылдан тарта электрондук медициналык тейлөө киргизилерин да кошумчалады.Өзбек президенти калк арасында сергек жашоо образын жайылтууга чакырып, алдыдагы Олимпиада оюндарына спортчуларды даярдоо үчүн бардык шарттарды түзүүнү талап кылды. Ал ошондой эле Мамлекеттик мекемелерге көзөмөлдү күчөтө турган Коомдук палата түзүлөөрүн белгиледи. Ал эми эксперттер Мирзиёев чыныгы реформаларды жүргүзбөй, популисттик билдирүүлөрдү көп жасаганын белгилеп, сындап келишет.


Ирандын тышкы иштер министри Мухаммед Зариф Украинанын жарандык Boeing учагын жаңылыштык менен атып түшүргөн аскер кызматкери абакта экенин айтты. Бул тууралуу чет элдик интернет сайттары жазды. Министр чабуул болчу күнү аба мейкиндигинин жабылбаганын согуштук аракеттер Тегерандан алыс жерде болгону менен түшүндүрдү. Анын айтымында, Иран Иракка каршы сегиз жыл бою согушкан учурда дагы аба мейкиндигин жапкан эмес.Ошондой эле министр кырсык тууралуу иликтөөлөргө украиналык адистерди жана Boeing компаниясынын өкүлдөрү чакырылганын кошумчалады.Эске салсак,  2020-жылдын 8-январында Тегерандан Киевге багыт алган Украинанын учагы абага көтөрүлөрү менен кулап түшкөн. Ичиндеги 167 жүргүнчү жана экипаждын 9 мүчөсүнү бардыгы каза болгон. Бортто Иран, Украина, Канада, Германия, Швеция жана Афганистандын жарандары болгону кабарланган.Үч күндөн кийин Ирандын аскерий адамдары каргашанын жоопкерчилигин мойнуна алган. Иран тараптын айтымында, аба кемеси аскер объектисинин жанынан учуп бараткандыктан, аны АКШнын аскерий учагы деп жаңылыштык менен атып алган.

Урмат Жээнбеков, "Биринчи радио"

Новости по дате