http://ktrk.kg/Президент коронавирустан коргонуу чаралары боюнча жыйын өткөрдү

Президент коронавирустан коргонуу чаралары боюнча жыйын өткөрдү

28 Янв , 11:10 381

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавируска байланыштуу абалды талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Вирустун өлкө аймагына киришине жол бербөө боюнча тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан көрүлүп жаткан чаралар талкууланды. Учурда республика боюнча бир дагы коронавирусту жуктуруп алуу фактысы катталган эмес, өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал көзөмөлдө. Өлкөнүн көзөмөл-өткөрүү пункттарында текшерүүлөр дене табын өлчөгүчтөр менен санитардык-карантиндик пункттардын адистери тарабынан ишке ашырылууда. 

Расмий маалыматтар боюнча, Кытайдын аймагында бүгүнкү күндө 4 миң 614 кыргызстандык студент бар, алардын 14ү Ухань шаарында. Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги алар менен туруктуу байланышып жатат. Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды күнү-түнү мониторинг жүргүзүү зарылдыгын баса белгиледи. Конкреттүү участоктордо алдын алуу чараларын көрүүдө тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жеке жоопкерчилик жүктөлөрү өзгөчө белгиленди.

Новости по дате