http://ktrk.kg/Жээнбеков Куралдуу күчтөрүн санариптештирүүнү улантуу зарылдыгын белгиледи

Жээнбеков Куралдуу күчтөрүн санариптештирүүнү улантуу зарылдыгын белгиледи

31 Янв , 10:55 363

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси Райимберди Дүйшөнбиевди кабыл алды. Куралдуу күчтөрдү модернизациялоо, алардын аскерий мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу чаралары, өлкөнүн коргонуу жөндөмүн мындан ары бекемдөө боюнча артыкчылыктар талкууланды. Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын жетекчиси 2019-жылдагы иштердин жыйынтыктары жана 2020-жылга карата биринчи даражадагы милдеттер тууралуу маалымат берди. Жакынкы өнөктөш өлкөлөр менен аскерий жана аскерий-техникалык жаатта активдүү кызматташуу жүрүп жатканы жана Куралдуу күчтөрдү башкаруу системасын өркүндөтүү боюнча иштер аткарылып жатканы белгиленди. Тармак «Санарип Кыргызстан» Концепциясын ишке ашыруу алкагында «Түндүк» ведомстволор аралык электрондук өз ара аракеттенүү системасына кошулган.

Райимберди Дүйшөнбиев Кыргызстандын аймагына коронавирусту киргизбөө максатында өлкөнүн көзөмөл- өткөрүү пункттарында Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен тыгыз байланышта иштер жүрүп жатканын кошумчалады. Мамлекет башчысы адистердин даярдыгынын сапатын жакшыртуу, аскердик тартипти жогорулатуу жана Куралдуу күчтөрдүн жеке түзүмүндө укук бузуулардын алдын алуу боюнча комплекстүү чараларды көрүүгө көңүл бурду. Коопсуздук кеңешинин акыркы жыйынында санариптештирүү маселеси негизги маселелердин бири болгонун өзгөчө белгиледи. Маалыматтык коопсуздукту жана аскерий түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүнүн ыкчамдыгын жогорулатуу максатында өлкөнүн Куралдуу күчтөрүн санариптештирүүнү улантуу зарылдыгына токтолду.


Новости по дате