
Космосбек Чолпонбаев: "Кыргызстанда коронавирус катталган жок"
Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз
Коронавирус эпидемиясына каршы Кыргызстанда иш-чаралар 22 санитардык-карантиндик жана убактылуу медициналык пункттарда күнү-түнү жүргүзүлүп жатат.
Ошондой эле, республикалык ыкчам штаб да үзгүлтүксүз иш алып барууда, - деп маалымдады өлкөнүн Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев. Анын айтымында, "Кыргызстанда коронавирус катталган жок, эпидемиологиялык абал туруктуу. Өлкөдөгү абал Кыргызтандын президенти Сооронбай Жээнбеков жана премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин жеке көзөмөлүндө.