http://ktrk.kg/Түркия Бишкектеги Ататүрк сейил багын оңдойт

Түркия Бишкектеги Ататүрк сейил багын оңдойт

25 Фев , 13:26 458

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектеги Ататүрк сейил багын реконструкциялоо маселесин борбор калаанын жетекчилиги Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат менен жолукканда талкуулады. 

2018-жылдын жаз айында Бишкек мэриясы жана түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттеринин бирикмеси сейил бактын аймагын реконструкциялоо боюнча кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлган. Ага ылайык 500 миң доллар грант берүү каралган. Тараптар инвестициялык долбоорлор үчүн жагымдуу шарттарды түзүүнү макулдашып, үч жыл ичинде түз инвестицияларды 20 млн долларга чейин көбөйтүү планын коюшту. 

Түркиянын элчиси түркиялык компаниялар жаратылыш газы менен жүргөн автобустарды лизингге алуу боюнча өтө турган сынакка катышууга кызыктар экенин билдирип, кыргыз-түрк достук ооруканасынын имаратын мэриянын муниципалдык мүлк башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө даяр экенин айтты.

Новости по дате