http://ktrk.kg/Өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу

Өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу

25 Фев , 21:43 448

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкөдө эпидемиологиялык абал туруктуу жана коронавирусту жуктуруп алган учур катталган жок. Бүгүнкү күндө бардык көзөмөл-өткөрмө жайларында, эл аралык "Манас" жана "Ош" аэропортторунда санитардык-карантиндик пункттар күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Андан сырткары Кытайдан жана башка өлкөлөрдөн келген адамдардан алынган анализдер атайын лабораторияларда текшерилүудө.

Кыргызстан Борбор Азия жана КМШ өлкөлөрүнүн ичинен алгачкылардан болуп Кытайдан келген бардык жарандарга лабораториялык изилдөөлөрдү жүргүзө баштады. Алынган тест-системанын жыйынтыгы 3-4 сааттын ичинде чыгат.
 Вирустан сактануу үчүн өздүк гигиенанын эрежелерин сактоо зарыл. Биринчи кезекте колду таза жууп, жөтөлүү менен чүчкүрүүнүн тартибин сактоо керек дешет дарыгерлер. Ошондой эле, адамдар көп чогулган жайларга барууну азайтуу керек.
Учурда кыргыз-кытай чек ара тилкесинде жайгашкан көзөмөл-өткөрүү пункттары жабык. Аба каттамы да бул өлкө менен убактылуу токтотулган. Мамлекеттик чек ара кызматы, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жана Саламаттык сактоо министрлиги алдын алуу чаралары боюнча биргелешип иш алып барууда. 
 Жыл башынан бери Кытайдан Кыргызстанга 1065 адам кирген. Алардын арасында 165 адам атайын обочолонгон бөлмөдө текшерүүдөн өтүп жатат. Бирок аларда илдеттин эч кандай белгилери жок. Анткен менен, социалдык тармактарда вирус тууралуу жалган маалымат тараткан фактылар кездешүүдө. Медиа-эксперттер, мындай жалган билдирүүлөргө ишенбөөгө жана керектүү малыматтарды расмий булактардан гана алууну эскертишет. 
Белгилей кетсек, Кытайдын бир катар шаарларында окуган студенттердин ата-энелери Кыргызстандын бийлигине балдары үчүн көрүлгөн камкордукка ыраазычылык билдиришти. 




Новости по дате