http://ktrk.kg/Мурдагы судья Эльвира Жаркеева баштаган соттук жараян өткөн жок

Мурдагы судья Эльвира Жаркеева баштаган соттук жараян өткөн жок

26 Фев , 9:50 414

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Биринчи май райондук сотунда мурдагы судья Эльвира Жаркеева баштаган алты кишиге тиешелүү соттук жараян күбөлөр келбегенине байланыштуу болгон жок. 

Бул жолу отурумда күбөлөр Воинов жана Зазазиев көрсөтмө бермек деп билдирет сот органынын маалымат кызматы. Алар тарабынан алдын ала сотко катыша албай турганы тууралуу өтүнүч келтирилген. Кийинки отурум 3-мартта өтөт. 

Бул иште фигураттын бири Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы Эльвира Жаркеевага айыптоочу тарап "кылмыштуу топ менен келишип алып, чет элдик инвесторлорго таандык мүлктү өзүнө ыйгаруу максатында бир катар мыйзамсыз чечимдерди чыгарган" деген кине коюуда. Иши сотко өткөн алты адам "коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айыпталууда.

Новости по дате