http://ktrk.kg/Эриш-аркак кызматташтык жылынын ачылыш аземинде эмнелер болот?

Эриш-аркак кызматташтык жылынын ачылыш аземинде эмнелер болот?

26 Фев , 21:35 215

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Эртең Россия менен Кыргызстандын эриш-аркак кызматташтык жылынын ачылыш аземи өтөт. Россиянын борборунда, Кремль сарайында боло турган салтанатка стратегиялык өнөктөш эки мамлекеттин президенттери катышат. Жалпысынан Эриш-аркак жылынын алкагында Кыргызстанда жана Россияда саясий, экономикалык, аскердик жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө 200дөн ашуун иш-чара өткөрүү мерчемделүүдө. Эртең боло турган ачылыш аземге карата даярдык иштери тууралуу кийинки сюжетте.

Эриш-аркак кызматташтык жылын белгилөө тууралуу чечим өткөн жылдын жазында Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапары учурунда кабыл алынган. Өлкө башчылардын демилгеси жыл жаңыргандан тарта ишке ашып, эртең ачылыш аземи өтөт.
 Президент эриш-аркак кызматташтык жылынын ачылышына катышуу менен бирге бир катар эки тараптуу жолугушууларды да өткөрөт. Ага ылайык, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Өкмөттүн төрагасы Михаил Мишустин жана Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдү өткөрөрү пландалууда.
Ал эми Кремль сарайында президенттердин катышуусу менен өтө турган иш-чарага даярдыктар кызуу жүрүп жатат. Эки өлкөнүн өнөр адамдарынан түзүлгөн курам келген конокторго эргүү тартууламакчы.
 Россиянын атактуу Пётр Чайковский атындагы мамлекеттик симфониялык оркестринин чыгармачыл курамы Кыргызстандын эмгек сиңирген артисти Рахатбек Осмоналиевдин дирижерлук башкаруусу астында чыгат. Кремль сарайындагы даңазалуу сахнада эки элдин атактуу чыгармалары эриш-аркак жаңырмакчы.
 Эриш-аркак кызматташтык жылы бир гана мадний- гуманитардык тармакта белгиленбейт. Бул жылдын алкагында саясий-экономикалык, аскердик-техникалык, билим берүү багыттарында жалпысынан 200дөн ашуун иш-чара өткөрүү мерчемделген. Аны менен бирге Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына карата биргелешкен бир топ иш-чаралардын планы бекитилген.

Новости по дате