http://ktrk.kg/Министрлик: Өзгөндө коронавирус катталганы тууралуу маалымат калп

Министрлик: Өзгөндө коронавирус катталганы тууралуу маалымат калп

29 Фев , 19:22 1496

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Саламаттык сактоо министрлиги «Оштун Өзгөн районунда коронавирус катталды» деген маалыматты четке какты. Министрликтин басма сөз кызматы бул тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбесин, Кыргызстанда вирусту жуктурган учур катталбаганын билдирди.

28-февралда Кара-Суу районундагы «Достук» көзөмөл өткөрмө бекетинен Түштүк Кореядан Өзбекстан аркылуу Кыргызстандын бир, Орусиянын эки жараны өткөнү кабарланды. Алар тиешелүү медициналык кароодон өтүп, кандайдыр бир оорунун жана коронавирустун белгилери аныкталган эмес. 28-февралда Кыргызстан коронавирус жайылып жаткан Кытайдын, Ирандын, Италиянын, Жапониянын жана Түштүк Кореянын жарандарынын өлкөгө келишине убактылуу чектөө киргизди.


Новости по дате