http://ktrk.kg/Өспүрүмдөрдүн катышуусундагы кылмыштарга бөгөт боюнча кеңешме өттү

Өспүрүмдөрдүн катышуусундагы кылмыштарга бөгөт боюнча кеңешме өттү

2 Март , 10:08 2382

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өспүрүм курактагылардын билим алууга укуктарын кеңейтүү, ар тараптан шарт түзүү жана алардын катышуусундагы кылмыштарга бөгөт коюу менен профилактикалык иштерди күчөтүү маселелерине арналган кеңешме Жалал-Абад шаарында өттү. 

2019-жылы калаада жаш өспүрүмдөрдүн катышуусунда 49 кылмыш иши катталган. Анын басымдуу бөлүгү уурулук фактысы болгон. Адистердин белгилөөсүндө, өспүрүмдөр арасындагы терс жагдайларга жол берилип жатканына көзөмөлдүн жетишсиздиги, тышкы жана ички миграциянын таасири тийүүдө. Андыктан үй-бүлөдөн тарта, жалпы коомдун жоопкерчилигин арттырып, келечек ээлеринин татыктуу тарбия алуусуна шарттарды түзүүнүн жолдору каралды.


Новости по дате