http://ktrk.kg/«Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды

«Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды

2 Март , 17:25 1434

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда тыюу салынган «Хизбут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалды. 

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин маалыматына ылайык, кармалгандар 25, 27 жана 34 жаштагы Кыргызстандын жарандары. Алардын жашаган жерин тинтүүдө диний китептер, аудио жана видео аппаратуралар табылып, тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү. 

Бул факты боюнча материалдар Кылмыш кодексинин "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу" жана "Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренелери боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган. Кармалган адамдар УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Тергөө иштери жүрүп жатат.


Новости по дате