http://ktrk.kg/Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар

2 Март , 17:30 1537

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2-марттан 4-мартка чейин абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайы, Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 45-115-чакырымдарында, Чапчыма ашуусу, Арал - Миң-Куш, Казарман - Актал-Чат унаа жолдорунда жана Кара-Гоо, Чоң-Ашуу ашууларында кар күрткүсү жана кар көчкү түшүү коркунучу сакталат, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Андыктан айдоочулар унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймылын сакташы зарыл.

Новости по дате