http://ktrk.kg/Дарыгерлер коронавируска каршы машыгуудан өтүштү

Дарыгерлер коронавируска каршы машыгуудан өтүштү

2 Март 2020 , 20:48 908

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 Бейтаптын ролун аткарган адамга карата “Манас” аэропортунда учактан түшкөндөн тартып, текшерүүдөн өткөрүү, дарыгерлердин кеңеш берүүсү, обочолонгон бөлмөдө кароо жана аны ооруканага жеткирип, жайгаштыруу иштери көрсөтүлдү.

 Дарыгерлердин даярдыгына тиешелүү мекеме жетекчилери күбө болуп, анын жыйынтыгы менен кошумча сунуштар даярдалууда.
Өлкөгө кирип жаткан адамдарды адаттагыдай тепловизор аркылуу текшерүү учурунда коронавирус жуктурган адам аныкталса дарыгерлерден кандай аракет талап кылынат. Алдын ала бейтап деп даярдалган адам аркылуу ак халатчандардын кесипкөйлүгү сыналды.

Коронавирусту алып жүргөн адамдын жанына ороп-чулганган, тиешелүү кийим менен жүргөн кызматкерлер менен котормочудан башка жан киши жолотулбайт. Бул жөн гана машыгуу болгондуктан дарыгерлердин даярдыгын текшерүү үчүн бир топ жетекчилер катышты.

Бейтаптын абалы баарлашуу аркылуу да, тиешелүү медициналык каражаттардын жардамы менен да текшерилген соң обочолонгон бөлмөгө алып барылат.

Тез жардам унаасы көп күттүргөн жок. Машыгуу жүрүп жатканы эскертилбеген айдоочу жыйырма мүнөттө жетип келди.

Бейтаптын ролун аткарган адам Республикалык жугуштуу оорулар боюнча клиникалык ооруканасына, атайын бөлмөгө алып барылды. Анда карантинге алуу үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөн.

Вирустун жайылышына каршы атайын ири машыгуу декабрь айында да өткөрүлгөн. Мындай даярдык жугуштуу оорулардын алдын алууда маанилүү иш-чара деп эсептелет.

Дарыгерлердин даярдыгын текшерген тиешелүү мекемелердин жетекчилери атайын сунуштарды даярдап жатышат. Соңку машыгуунун жыйынтыгы менен маалымат алмашууну дагы ыкчамдатуу зарыл экени белгиленди.

Дарыгерлердин даярдыгын текшерген тиешелүү мекемелердин жетекчилери атайын сунуштарды даярдап жатышат. Соңку машыгуунун жыйынтыгы менен маалымат алмашууну дагы ыкчамдатуу зарыл экени белгиленди.




Новости по дате