http://ktrk.kg/Коронавирус: өлкөнүн чек арасынан ID-карта менен өтүүгө чектөө киргизилди

Коронавирус: өлкөнүн чек арасынан ID-карта менен өтүүгө чектөө киргизилди

3 Март 2020 , 15:02 737

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коронавирус инфекциясынын өлкөгө киришинин алдын алуу жана жайылышына жол бербөө максатында өкмөт Кыргызстандын чек арасынан ID-карта менен өтүүгө 1-марттан тарта убактылуу чектөө киргизди. Бирок, бул таптакыр эле мекенге ID-карта менен кайтпай калат дегенди түшүндүрбөйт.

Мухамедали Жакыпов ушул жуманын аягында өзүнүн кичи мекенине кайтууну көздөп турат. Ал учакка билет сатып алуудан мурда, интернеттен окуган түрдүү кабарлардын чын –төгүнүн текшерип көрүүнү чечкен. Социалдык тармактарда, 29-февралдан тартып ID-карта менен эми Россиядан Кыргызстанга кайтууга болбой турганы жана ага чейин алынган учак билеттери жараксыз болуп калары тууралуу маалымат тараган.

Мындай маалыматтан соң, Россиядагы авиакассаларга чалуулар күчөп, бул кабардан улам чоочулаган жарандар аз эмес. Коронавирус инфекциясынын өлкөгө киришинин алдын алуу жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйында, өкмөт бир катар чектөөлөрдү киргизгени маалым болгон. 1-марттан тарта Кыргызстандын мамлекеттик чек арасынан өтүп жаткан жаран, сөзсүз түрдө чет өлкөгө чыгуучу паспортун көрсөтүүсү керек. Эгер ал документи жок болсо, ID-карта менен өтүшөт. Жалпы жарандык паспорттун бар-жогу Мамлекеттик каттоо кызматынын электрондук системасы аркылуу текшерилет.


Новости по дате