http://ktrk.kg/Коронавирус: өкмөт жакынкы күндөрү каатчылыкка каршы планды кабыл алат

Коронавирус: өкмөт жакынкы күндөрү каатчылыкка каршы планды кабыл алат

3 Март 2020 , 21:14 742

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кытайдагы коронавирус узакка созулушу мүмкүн деген кооптонуудан улам анын экономикага тийгизе турган таасири талданып жатат. Өкмөттүн кеңешмесинде буга байланыштуу маселелер талкууланып, ар бир мекемеге тиешелүү тапшырмалар берилди.



Адатта март айынан тартып экономикалык активдүүлүк башталат. Соода сатык жанданып, чек арада тынымсыз кыймыл боло турган учур. Бирок бул ирет мындай көрүнүш байкалбайт. Коронавируска каршы көрүлүп жаткан аргасыз чаралар экономикага терс таасирин тийгизүүдө. Дүйнөлүк коомчулук, анын ичинде кыргызстандыктар да Кытайдагы азыркы эпидемиологиялык абалдын узакка созулушунан чочулап турган. 


Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму вирусту жакынкы учурда ооздуктоого мүмкүн эмес экенин билдирүүдө. Коңшу өлкөдөн буга чейин алып келинген товарлар азайып баратат. Кыргызстанда иштеген айрым кытайлык ишкерлердин ишканаларында өндүрүш солгундаган. Мындан улам өкмөт каатчылыкка каршы планды кабыл алуу алдында турат.

Жагдайды өз кызыкчылыгына пайдаланып, баага байланыштуу эреже бузгандар болушу мүмкүн. Өкмөт андай көрүнүш көз жаздымда калбайт деп эскертүүдө.


Коронавирустун экономикага тийгизе турган таасири бекеринен талданып жаткан жок. Кыргызстандагы импорттук товарлардын 35 пайызы Кытайдын үлүшү болуп саналат. Эки өлкөнүн жылдык соода жүгүртүүсү 2 миллиард доллардан ашат. Бул өлкөдөн негизинен мөмө-жемиш, желим буюмдар, була, кездеме, кийим-кече алып келинет. Ал эми Кыргызстан тери буюмдарын, түстүү металлдарды экспорттойт. Вирустун кесепети айрыкча жеңил өнөр жай тармагына тийиши мүмкүн.







Новости по дате