http://ktrk.kg/Тамак-аш, азык-түлүк сатуучу соода жайлары дезинфекцияланууда

Тамак-аш, азык-түлүк сатуучу соода жайлары дезинфекцияланууда

4 Март 2020 , 23:17 985

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Тамак-аш, азык-түлүк сатуучу соода жайлары дезинфекцияланууда. Базарларда көрүлүп жаткан санитардык чаралар коронавирустун алдын алууга багытталган. Эми соода борборлору менен дүкөндөрдө, тамактануучу жайларда да зыянсыздандыруу иштери жүрөт.

Базардын тамак-аш, азык-түлүк саткан бөлүгүндө бүгүн соода болгон жок. Ай сайын жүргүзүлүп турган санитардык чараларга бул ирет өзгөчө көңүл бурулууда.

Коронавирустун пайда болушунун алдын алуу үчүн мындай жумуштар күчөтүлүүдө. Бардык базарлардын азык-түлүк сатылган жайлары зыянсыздандырылып жатат. Кытайдагы коронавирус кыргызстандыктарды да кабатыр кылууда. Андыктан алдын ала айтылган күнгө соодагерлер даяр болуп жатышат.



Новости по дате