http://ktrk.kg/Италия: коронавируска байланыштуу мектептер менен ЖОЖдор убактылуу жабылат

Италия: коронавируска байланыштуу мектептер менен ЖОЖдор убактылуу жабылат

5 Март 2020 , 11:08 953

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Италиянын бийлиги коронавирус дүйнө жүзүнө тарап жаткандыктан коопсуздукту сактоо максатында мектептер менен жогорку окуу жайлардын убактылуу жабылышын жарыялады. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат булактары билдирди. Буга байланыштуу өкмөттө сырттан окутуу мүмкүнчүлүгүн уюштуруу каралууда. Ошондой эле, бийлик ата-энелердин жок дегенде бирөөсү бала менен үйдө болуусуна байланыштуу, мындай үй-бүлөлөргө экономикалык жактан колдоону камсыздоо үчүн чараларды көрүп жатат. Расмий маалыматтар боюнча өлкөдө 2,5 миңден ашык бейтап катталып, жүздөн ашуун адам көз жумган.

“Биз буга чейин илимий комитет эмне деп айтаарын күттүк. Жана эпидемиологиялык абал тез өзгөрүп жатканына байланыштуу, академиялык кызматты “кызыл аймактан” тышкары жерлерде 15-мартка чейин токтотуп туруу чечимин кабыл алдык”,- деди Билим берүү министри Лучия Адзолина. 

Новости по дате