http://ktrk.kg/ Жээнбеков сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Жээнбеков сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

5 Март , 12:41 666

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын сот системасынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. 

«Урматтуу судьялар жана сот системасынын кызматкерлери! Сиздерди Кыргыз Республикасынын Сот системасынын кызматкеринин күнү менен куттуктайм! Өлкөбүздө жүрүп жаткан соттук-укуктук реформалардын максаты - жарандарыбыздын укуктарын натыйжалуу коргой ала турган, мыйзамдуулукту бекем сактаган, адилет, көз карандысыз соттук корпусту түзүү. Бул реформанын ийгилиги - элибиздин ишенимине арзыган, адамдардын укуктарынын сакталышын кынтыксыз камсыздаган акыркы инстанцияны калыптандыруу жана коомдун талаптарына жооп берген, улуттук кызыкчылыктарды коргоого жөндөмдүү сот системасын орнотуу менен өлчөнөт. Мамлекет тарабынан артылган судьялык жогорку жана ардактуу милдеттерге жоопкерчиликтүү мамиле кылып, элибиздин үмүтүн актап, мыйзамды бийик сыйлаган кесипкөй адис болосуздар деп ишенем. Сиздерге чың ден соолук, бакты-таалай, ишиңиздерде ийгиликтерди каалайм!», - деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоосунда.

Новости по дате