http://ktrk.kg/Каныбек Осмоналиев 3-майга чейин УКМКнын тергөө жайына камалды

Каныбек Осмоналиев 3-майга чейин УКМКнын тергөө жайына камалды

5 Март , 14:34 739

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Каныбек Осмоналиев 3-майга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөө жайына камалды. 

Мындай чечимди Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарды. Эске салсак, 2-мартта "Ала-Тоо" аянтында мурдагы депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары митингге чыгышкан. Акция саат 13:00дөн 17:00гө чейин улана тургандыгы айтылган. Бирок, кечки саат беште акциянын катышуучулары тарабай, чогулгандардын бир тобу Ак үйдү көздөй барышкан. Милиция чогулгандарды тараткан.

Новости по дате