http://ktrk.kg/Кыргызстанда маданий-массалык иш-чаралар токтотулду

Кыргызстанда маданий-массалык иш-чаралар токтотулду

6 Март 2020 , 16:39 952

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда жакынкы арага пландалган көп сандагы адамдардын катышуусундагы маданий-массалык иш-чаралар токтотулду. Бул тууралуу коронавирус инфекциясынын өлкө аймагына кирүүсүнө жана жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын кезектеги жыйынында маалым болду. Сунуштама менен мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бардык жетекчилери таанышып чыккан. 

Штабдын мүчөлөрү айрым жарандарды өлкөдө коронавируска кабылгандар бар экендиги тууралуу жоопкерчиликсиз билдирүүлөр менен элди дүрбөтпөөгө жана социалдык тармактарда жана мессенджерлерде чындыкка дал келбеген маалыматтарды жайылтпоого жана мамлекеттик органдардын расмий билдирүүлөрүнө гана ишенүүгө чакырышты.


Новости по дате