http://ktrk.kg/Россиядан коронавирусту тез убакытта аныктоочу 5 миң тест алынып келет

Россиядан коронавирусту тез убакытта аныктоочу 5 миң тест алынып келет

6 Март 2020 , 17:05 901

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанга Россиядан коронавирусту бир нече сааттын ичинде аныктаган 5 миң тест алынып келет. Саламаттыкты сактоо министринин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 1 миң тест-система бар. Бул текшерүүгө жетет. Буга чейин Кыргызстанга коронавирусту бир нече сааттын ичинде аныктай ала турган атайын реагенттер алынып келген. Алардын саны 500гө жакын. Ал эми медициналык бет каптар болсо жетиштүү, - деди аталган министрликтен.


Новости по дате