http://ktrk.kg/Кыргызстандын үч миңдей жараны коронавирус жайылган өлкөлөрдө жүрүшөт

Кыргызстандын үч миңдей жараны коронавирус жайылган өлкөлөрдө жүрүшөт

6 Март 2020 , 21:32 1083

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Учурда кооптуу илдет көп катталган беш өлкөдө Кыргызстандын үч миңдей жараны бар. Кооптуу деп аталган өлкөлөрдүн тизмеси абалга жараша өзгөрүшү мүмкүн. Бүгүнкү күнгө чейин бир миң үч жүздөй адам лабораториялык текшерүүдөн өттү.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына таянсак Кытай, Түштүк Корея, Иран, Италия жана Жапонияда коронавирус көп катталууда. Тышкы иштер министрлиги жарандарга аталган өлкөлөргө барбай турууну сунуштоодо. Бул мамлекеттерде соңку 30 күндө болуп келген кыргызстандыктар 14 күндүк карантинге алынат. Ал эми ушундай абалдагы башка чет элдиктердин өлкөгө киришине чектөө каралды. 

Коронавирус көп катталып жаткан беш өлкөдө учурда Кыргызстандын үч миңдей жараны консулдук каттоодо. Бир нече жүк ташуучулар да Иранда токтоп турушат. Себеби андагы коронавирустан чочулап, Азербайжан менен Түркмөнстан чек арасын жапкан.

Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктар Казакстанга 8-марттан тартып айди карт паспорт менен кире албасын эскертүүдө. Кыргызстан болсо мындай чараны 1-мартта кабыл алган. Буга жүйөөлүү себептер бар. Эпидемиологиялык абалы оор мамлекеттерге барганын жашырып, жалпы жарандык паспортун эмес, айди картын көрсөтүп өлкөгө өтүп кетүүгө аракет кылгандар аныкталган. 
Чет өлкөлөрдөн келген бир миң үч жүзгө жакын адам жаңы тест система менен текшерилип, алардын канынан вирустун белгилери табылган жок. Чек арадагы көзөмөл, текшерүүлөрдөн сырткары базар, коомдук жайларды зыянсыздандыруу иштери жүрүп жатат.




Новости по дате