http://ktrk.kg/Түркмөнстанда коронавирус жуктуруп алган эки адам катталды

Түркмөнстанда коронавирус жуктуруп алган эки адам катталды

9 Март 2020 , 12:32 1590

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Түркмөнстанда коронавирус жуктуруп алган эки адам катталды. Учурда алар Ашхабаддын четиндеги ооруканада дарыланып жатканын жалпыга маалымдоо каражаттары жазды. 

Маалыматка ылайык, бейтаптарга COVID-19 диагнозу болжол менен он күн мурда коюлган. Азырынча алардын вирусту Түркмөнстандан же чет өлкөдө жүрүп жугузуп алганы тууралуу маалымат айтыла элек. Бирок Жугуштуу оорулардын алдын алуу жана дарылоо борборунун кызматкери өлкөдө коронавирус жугузгандар аныкталганы тууралуу маалыматты четке кагууда. Дарыгерлердин айтымында, жарандар карантинге гана алынган. Өлкөнүн бийлиги 25-февралда бул вирусту жугузгандар жок экенин айткан.


Новости по дате