http://ktrk.kg/Кытайдан башка өлкөлөрдө коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө

Кытайдан башка өлкөлөрдө коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө

9 Март 2020 , 12:31 1276

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Акыркы бир сутканын ичинде COVID-19 коронавирусун дагы 4 миңдей киши жуктуруп алды. Алардын көбү Кытайдан тышкаркы мамлекеттерде. Италияда коронавирус жуктургандардын саны 8-март күнү 5 миң 883 болсо, бүгүн 7 миң 375ке жетти. Түштүк Кореяда бул көрсөткүчтөр 7 миң 134төн 7 миң 382ге, Иранда 5 миң 423төн 6 миң 566га көтөрүлдү. 

Ошондой эле вируска кабылгандар Франция менен Германияда да өсүп жатканы айтылат. Негизинен 9-марттагы маалыматка караганда, коронавирус жайылган мамлекеттердин саны 100дөн ашты. Ал эми Кытайда абал турукташып калды. Тагыраагы, бир нече күндөн бери жуктургандардын саны 80 миңден аша элек. Мисалы, 7-мартта - 80 миң 651, 8-мартта - 80 миң 695 болсо, бүгүн 80 миң 735 адам катталды. Учурда вируска кабылгандардын жалпы саны 110 миң 34кө жетти. Алардын арасынан 3 миң 825и каза болуп, 61 миң 977 киши сакайып кеткен.

Новости по дате