http://ktrk.kg/Италия: өлкө боюнча жалпы карантин жарыяланды

Италия: өлкө боюнча жалпы карантин жарыяланды

10 Март 2020 , 11:36 832

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Соңку маалыматтарга караганда, Италиядан акыркы бир күн ичинде коронавируста 97 адам каза болду. Ушул эле убакытта 1807 адам вирус жуктуруп алаганы айтылды. 

Өлкө боюнча жалпысынан 9172 киши ооруга чалдыкса, өлгөндөрдүн саны 463 адамга жетти. Коронавирустун күчөп кетүүсүнүн алдын алуу үчүн Италиянын премьер-министри Жузеппе Конте жалпы өлкө боюнча карантин жарыяланарын билдирди. 

Анда өлкө аймагында ээн-эркин жүрүүгө тыюу салынары маалым болду. Ошондой эле өлкөдөгү бир катар спорттук мелдештер, анын ичинде футбол чемпионаты 3-апрелге чейин токтотулду.



Новости по дате