http://ktrk.kg/АКШ: коронавирус карылар үйүнө жетти

АКШ: коронавирус карылар үйүнө жетти

10 Март 2020 , 11:38 635

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

АКШнын Киркланд шаарындагы "Life Care Center" аталышындагы карылар үйүндө 30дан ашуун адам коронавирус менен ооруп жатканын карылар үйүнүн өкүлү америкалык телеканалдардын бирине билдирди. 

Маалыматта карылар үйүндөгү 50 адам коронавируска карата анализ тапшырып, алардын 31нен вирустун белгилери аныкталган. 

Бүгүнкү күнгө чейин аталган карылар үйүндөгү 19 адам коронавирустан каза болгондугу айтылат маалыматта. АКШда коронавирусту 738 адам жуктуруп алса, өлкөдө жалпы жонунан 22 адам каза болгон.





Новости по дате